super.kg logo
  Саясат  

Курмантай Абдиев, депутат: "Өкмөттөн келген мыйзам долбоорлору 100 пайызга ката"

 

"Юридикалык билими жок депутаттар бир берененин 1 пунктуна өзгөртүү киргизип коюп, палатага алып чыгууда",- деди депутат Курмантай Абдиев ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин 28-октябрдагы жыйынында. Депутат укук коргоо тармагында көп жыл иштегенине карабай, Кылмыш-процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам даярдай электигин, мыйзам долбоорлорунун сапатына көңүл буруу керектигин айтты. Тил көйгөйүнө токтолгон Абдиев: "Өкмөт алып келген мыйзам долбоорлору 100 пайызга ката. Мыйзамда жазылуу, эгер эки тилде даярдалган бир долбоордун ортосунда ажырым пайда болсо, кыргыз тили негиз катары алынат деп. Бирок буга көңүл бурулбай келе жатат",- деди. 

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: