Фейсбуктун наркы 1 триллион доллардан ашты
Фейсбуктун базар баасы 1 триллион доллардан ашкан эң жаш компания болуп калды. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, компанияга каршы антимонополдук эки доону АКШнын соту четке каккан. Андан кийин Фейсбуктун акцияларынын баалары 355,64 долларга өскөн. Жыйынтыгында, социалдык тармактын базар наркы 1 триллион доллардан ашып кеткен.
Буга чейин Amazon, Alphabet (Google), Microsoft жана Apple компаниялары дагы бир триллион доллар босогосун атташкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.