super.kg logo

Эндокринолог өнөкөт оорусу бар адамдарды COVID-19 вирусун жуктуруп алуудан сактанууга чакырды

 

Бишкек шаарынын штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Назгүл Абылова өнөкөт оорусу бар адамдарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

Дарыгер брифингде сүйлөп жатып, өлкөдө күндөн-күнгө коронавирустан жабыркагандар көбөйүп жатканын, алардын арасында тобокел группасына киргендер, тагыраагы өнөкөт оорулуу адамдар бар экенин билдирди.

"Кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана башка өнөкөт оорусу бар адамдар коронавирусту жугузуп алганда кыйналып калышы мүмкүн. COVID-19 оорусунан сактануу үчүн өнөкөт оорусу барларды эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырабыз.

Эң биринчи аралыкты сактоо керек. Эгер зарыл ишиңиз болбосо, коомдук жайларга, эл көп чогулган жерлерге барбооңузду суранабыз. Өнөкөт ооруга байланыштуу дары-дармекти дарыгердин көзөмөлүндө үзгүлтүксүз ичиңиз. Кандын басымын бат-баттан текшерип туруңуз. Оорунун алдын алуунун эң ишенимдүү жолу - эмдөөдөн өтүү. Эмдөө алгандан кийин да, коронавируска байланыштуу чараларды сактаңыз. Дене табы көтөрүлүү, жөтөл сыяктуу оорунун белгилери байкалса дарыгерди үйгө чакырып, текшерилүү керек", - деди дарыгер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: