Садыр Жапаров Канаданын генерал-губернаторун Канада күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда Канаданын генерал-губернатору Ричард Вагнерди жана Канада элин Кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан Канада күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кыргыз өлкөсү менен Канаданын ортосундагы достук мамилелер өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде мындан ары дагы бекемделет деп ишенем", - деп белгиленет куттуктоо телеграммасында.
Садыр Жапаров Ричард Вагнерге чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Канада элине тынчтык, бакубат жашоо жана өнүгүүнү каалады.
Канада өлкөсү 1867-жылы 1-июлда көз карандысыздыгын алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.