super.kg logo

"Украин эли менен орустар бир эл эмес". Путиндин сынынан кийин Володимир Зеленский жооп кайтарды

 

"Украин эли менен орустар бир эл эмес. Ар бирибиздин өз жолубуз бар" деп Украинанын президенти Володимир Зеленский Твиттердеги баракчасына жазды.

"Бирок бир гана максат болуш керек - согушту токтотуу жана Украинанын аймактарын кайтарып алуу. Бир эле учурда бир элбиз деп айтып Донбасстагы кыргынды улантып, биздин аймактарды басып алуу мүмкүн эмес", - деп жазган Зеленский.

Зеленский ошондой эле Киевдин НАТО жана Европа Биримдигине кошулуу ниетин дагы бир жолу кайталады.

"Украина өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын ишке ашырууну кантип камсыз кылууну өз алдынча тандайт", - деп жазган Украинанын президенти.

30-июнь шаршемби күнү Орусиянын президенти Владимир Путин жыл сайын өтүүчү түз эфир аркылуу Украина Орусияга жагымсыз өлкөлөрдүн тизмесинде жок экендигин жана ал украин элин меймандос эмес деп эсептебей тургандыгын айткан. Президент украин жана орус элдери бир эл экендигин, бирок Украинанын бүгүнкү жетекчилиги ачыктан-ачык меймандос эмес деп баса белгилеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.07.2021. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: