super.kg logo

Бишкекте жолдун курулушуна тоскоол болгон объектилер алынат

 
Бишкектеги Манас кең көчөсүндөгү жолдун курулушуна тоскоол болгон объектилер алынат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май акимчилиги Манас кең көчөсүн реконструкциялоого байланыштуу көчмө жыйын өткөргөн. Көчмө жыйындын жыйынтыгында Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына тоскоолдук жараткан объектилерди алууну тездетүү, Батыш РЭСке жана Бишкек шаардык телефон тармагына түркүктөрдү жылдыруу, ошондой эле №13 муниципалдык аймактык башкармалыгы "Бишкек суу канал" башкармалыгы менен биргеликте курулуш иштери башталганга чейин жер иштерин бүтүрүү тапшырылган.
"Жолдун жээгине, Боталиев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан паркка чейинки бөлүккө ирригациялык түйүндөрдү орнотуу жүргүзүлүүдө. Жакында эс алуу аймагынын жашыл аянттары толук сугарылат", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: