COVID-19га байланыштуу Улуттук банктын кызматкерлеринин бир бөлүгү аралыктан иштейт
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында Улуттук банк 2-июлдан тартып кызматкерлеринин бир бөлүгүн аралыктан иштөө режимине өткөрүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.
"Ал эми Улуттук банктын ыйгарым укуктарынын жана иш милдеттеринин үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылган иш процесстери штаттык режимде иштейт.
COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышына бөгөт коюунун алкагында Улуттук банкта жарандарды жеке кабыл алуу иши убактылуу токтотулду. Жарандардын кайрылуулары Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
Улуттук банктын ишине тиешелүү расмий маалымат www.nbkr.kg расмий интернет-сайтында жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жайгаштырылган.
Бардык суроолор менен 0312 61 04 86 телефону аркылуу коомдук кабылдамага кайрылууну сунуштайбыз", - деп жазылат маалыматта.

