Президенттик администрация: "Мамлекеттик кызматкерлер 30 пайызга кыскартылса, 2 миллиард сомдон ашык акча үнөмдөлөт"
Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев президенттин "мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө" жарлыгы боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматты президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Адылбек Касымалиев белгилегендей, аталган жарлык мамлекеттик бийлик органдарынын структурасын оптималдаштыруу боюнча алып барылып жаткан иштин экинчи этабы болуп саналат. Ал өкмөттүн структурасын өзгөртүп, министрликтерди, административдик ведомстволорду бириктирүү менен кыскартууга жетишилгенин, бирок кызматкерлердин саны көп өзгөрбөгөнүн түшүндүрдү.
"Эми мамлекеттик кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу милдети турат. Статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, акыркы 25 жыл аралыгында мамлекеттик кызматкерлердин саны көбөйүп келген. 1995-жылы 26 миң 152 мамлекеттик кызматкер болсо, 2010-жылы алардын саны 30 миң 743кө, 2020-жылы 34 миң 860ка чейин көбөйгөн. Ушуга байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек айлыгын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби ал бюджеттен абдан көп каражатты талап кылат", - дейт Касымалиев.
Аталган жарлыкка ылайык, үнөмдөлгөн каражат мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын көбөйтүүгө жумшалат.
"Эгерде мамлекеттик кызматкерлер 30 пайызга же 10-11 миңге чейин кыскартыла турган болсо, мамлекет 2 миллиард сомдон ашык акча каражатын үнөмдөйт. Бирок бул үнөмдөө келерки жылда гана ишке ашырылат. Эмгек кодексине ылайык, үстүбүздөгү жылы кыскартылган кызматкерлерге 3 айлык эмгек акысын жөлөк пул катары төлөп беришибиз керек", - деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.
Учурда Экономика жана финансы министрлиги жарлыкты комплекстүү ишке ашыруу боюнча ишин баштады, ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча жумуш аткарылууда. Аталган комиссия ар бир министрлик, ведомстволорду карап чыгып, дагы бир жолу анализдеп, андан кийин конкреттүү түрдө сунуштарды берет.
Жарлыкты жүзөгө ашыруу боюнча бардык иштерди министрлер кабинети алып барат.
Ал эми президенттин администрациясы боюнча Адылбек Касымалиев структурада кыскартуулар болгонун, учурда анализдөө иштери жүрүп жатканын, кыскартуу боюнча иштер улантыларын баса белгиледи.



1 |