Караколдо күндүн ысыгынан эс-учун жоготуп кулап түшкөн жаранга милиция кызматкерлери алгачкы жардамды көрсөтүштү




Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эс-учун жоготкон адамга милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түп районунун тургуну күндүн ысыгынан улам эс-учун жоготуп кулаган.
"Окуя 1-июлда Каракол шаарынын сейил багында түшкө маал орун алган. 31 жаштагы жаран фонтандын жанынан өтүп бара жатып өзүн жаман сезип, эс-учун жоготуп кулаган. Аны Ысык-Көл ОИИБинин туристтик милициясынын эки кызматкери байкап калып, биринчи жардам көрсөтүшүп, дарыгер чакыртышкан. Учурда жарандын абалы жакшы", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.