super.kg logo

Журналист Станбек Усупов дүйнө салды

 
Кыргыз чыгармачыл интеллигенциясы оор жоготууга учурады. Журналист Станбек Усупов 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Усупов Станбек Усупович 1934-жылдын 5-майында Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылында туулган.
1958-жылы Казак мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Станбек Усупович эмгек жолун “Ленинчил жаш” гезитинде адабий кызматкер катары баштап, бөлүм башчы, редактордун орун басары, редактор болуп иштеген.
1967–1970-жылдары КПСС БК алдындагы Коомдук илимдер академиясынын журналистика боюнча аспирантурасында окуп, тарых илимдеринин кандидаттык даражасына диссертация жактаган.
1971–1974-жылдары – “Ысык-Көл правдасы” гезитинде редактор, 1976-жылга чейин “Советтик Кыргызстан” гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.
Кийинчерээк, 1976–1986-жылдары – “Кыргызстан коммунисти” журналынын башкы редактору, 1986-1992-жылдары Кыргыз телеграф агенттигинин (Кыргыз ТАГдын) директору болуп иштеген.
2000-жылдан тарта Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө жана факультетинде профессордук милдетин аткарган.
Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн 1981-жылы Станбек Усупович “Ардак белгиси” ордени менен сыйланган, ошондой эле ар түрдүү жылдарда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
1988-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген журналисти” ардактуу наамына татыктуу болгон. “Кыргызстандын элге билим берүүсүнүн отличниги” төш белгиси жана “Даңк” медалы менен сыйланган.
Станбек Усупов көп жылдар бою СССР Журналисттер союзунун жана СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Станбек Усуповдун дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
02.07.2021. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун,бейиштен орун алсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: