super.kg logo

Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын эриш-аркак жылынын расмий жабылыш аземи ноябрь айында өтөт

 
Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын эриш-аркак жылынын расмий жабылыш аземи ушул жылдын ноябрь айында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Министр Кайрат Иманалиев Москва шаарында Орусия президентинин Кыргыз өлкөсү жана Орусиянын эриш-аркак жылын белгилөө боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолукту. Жолугушууга Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, Росконцерт жетекчилиги, Орусиянын Маданият министрлигинин өкүлдөрү катышты. Иш-чарада эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын расмий жабылышы талкууланып, салтанат ушул жылдын ноябрь айында өтө турган болду.
Мындан сырткары мамлекет аралык гуманитардык фондунун алкагында "Дүйнөлүк эпос" фестивалы, "Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү" кинофестивалы, "Жаш сүрөтчүлөрдүн пленэри" сындуу долбоорлордун каржы маселеси каралды.
Аталган фонддун атайын программасынын негизинде 2022-жылга маданий борбор катары тандалып алынган Каракол шаарында өтүүчү иш-чаралардын тутуму, бир катар долбоорлордун ишке ашуу маселелери ортого салынып, чечүү жолдору аныкталды. Жолугушууда министр Кайрат Иманалиевдин ушул жылдын күз айларына пландалган атактуу опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 90 жылдыгын өз өмүрүнүн акыркы жылдарын арнаган Санкт-Петербург шаарындагы айтылуу Мария театрында белгилөө демилгеси колдоо таап, Швыдкой баштаган делегация бир добуштан кубаттады.
Андан соң министр Росконцерт жетекчилиги Малышев менен өзүнчө отурум өткөрүп, эриш-аркак жылынын расмий жабылыш аземинин концерттик программасын деталдуу талкуулап, эки өлкөнүн катышуучу өнөрпоздорун аныкташты. Салтанаттын эң жогорку деңгээлде өтүшү үчүн эки тарап тең кызыкдар экенин белгилешип, биргеликте натыйжалуу жыйынтыкка барарын билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: