Кыргыз-Казак чек ара тилкесинде 119 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Чек ара кызматы абалдын себебин айтты
Кыргыз-Казак чек ара тилкесинде 119 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чек ара аркылуу өткөрүү пункттары кадимки режимде иштөөдө. Кыргыз-Казак тилкесиндеги “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрмө бекетинде унаалардын анча-мынча тыгыны байкалууда. Кезекте 119 жүк ташуучу унаа турат.
"Жогоруда аталган өткөрүү пунктундагы жүк ташуучу унаалардын тыгыны жүк жүгүртүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу циклдик мүнөзгө ээ жана негизинен дем алыш күндөрү, ошондой эле базарлар уюштурулган күндөрү байкалат. Чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө жүк ташуучулар үчүн кыргыз тарапка эч кандай чектөө жок. Ошондой эле жеңил унааларга жана жүргүнчүлөрдү ташууга чектөөсүз уруксат берилет", - деп айтылат маалыматта.






1 |