Эл артисти Балбай Алагушевдин сөөгү жерге берилди






85 жашында дүйнө салган Кыргыз Эл артисти Балбай Алагушевдин сөөгү жерге берилди. Маркумду акыркы сапарага узатуу зыйнаты бүгүн, 2-июлда болгонун Эмгек сиңирген артист Азамат Болгонбаев билдирди.
"Балбай Алагушевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилди. Зыйнатта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ильязбек Балташев жана залкар инсандын замандаштары, жердештери эскерүү сөзүн сүйлөдү", - деди ал.
1-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кыргыздын туңгуч музыка таануучусу катуу оорудан улам көз жумганын кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.