super.kg logo

"Белгисиз нерсени күтүү өлүмдөн да жаман". Орхан Инандынын жубайы кайрадан президентке кайрылуу жасады

 

Дайынсыз болуп изделип жаткан Орхан Инандынын жубайы Рейхан Инанды президент Садыр Жапаровго видео кайрылуу жасады.

Ал президенттен укук коргоо органдарына буга чейин Орхан Инандыны табуу боюнча берген тапшырмасынын жыйынтыгын талап кылуусун өтүнгөн.

“Урматтуу президент Садыр Жапаров! Сизге кайрылууга мажбур болдум. Орхан Инандынын жоголгонуна туура бир ай болду. Ушул убакка чейин анын кайда экени, ден соолугу тууралуу эч кандай маалыматыбыз жок. Төрт балам менен күнү-түнү кирпик ирмебей, аны күтүп жатабыз. Белгисиз нерсени күтүү өлүмдөн да жаман. Ала качуу Кудайга жакпаган жаман нерсе. Сиз Орхан Инандыны табуу боюнча тапшырма бергенсиз. Сиздин тапшырмаңыздын жыйынтыгын талап кылууңузду талап менен күтөм. Бизге жардам бериңиз, балдарымдын атасы аман-эсен үйгө кайтып келсин”, - деди Рейхан Инанды.

Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: