super.kg logo

Ыктыярчы: "Кызыл зонада иштеген медиктерге тамак-аш жетишсиз болууда"

 

Кызыл зонада иштеген медиктерге ыктыярчылар тамак-аш жеткизүүдө. Бул туурасында ыктыярчы жана “Клуб друзей кулинаров” уюмунун жетекчиси Сабира Бокеева билдирди.

Биз былтыркы жылы да ыктыярчылар менен кызыл зонада иштеген медиктерге жардам көрсөткөнбүз. Быйыл да ошол эле учур кайталанууда. Биз бир нече кафе-ресторандардан жардам сурадык, бирок баары жоопсуз калтырууда. Медиктерге, албетте, ооруканадан тамак берилет, бирок алар даамсыз болгондуктан өз чөнтөгүнөн тез татым тамактарын алууга аргасыз болушат. Мындай тамактануу менен вирусту жеңип болбойт. Биз ыктыярчылар менен бир күн ичинде акча чогултуп, эртеси күнү 300 адамга тамак даярдадык. Баары жардамдашууда, бирок жетишсиз болгондуктан башкаларга кайрылууга аргасызбыз” - деп билдирет Сабира Бокеева.

Ыктыярчылар дарыгерлерге 300дөй адамга ылайык ысык тамак даярдап, аны Республикалык наркологиялык борборго, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жана Чүй облустук ооруканасына жеткиришкен. Жакынкы эки-үч күндө топтолгон каражаттарга тамак-аш жеткирүүнү улантарын, бирок каражат жетишпей жатканын айтышат.

Мындай маалыматтар социалдык тармактарда талкууга алынып, үч ирет тамак менен камсыздап, өзгөчө көңүл буруларын айткан саламаттыкты сактоо министринен эч кандай жардам жоктугун, врачтар кайрадан эле жарандык ыктыярчыларга кайрылуу жасап жатканын белгилешет ыктыярчылар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.07.2021. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билим берүү системасын, медицина тармагын алдыга жылдырмайынча мамлекет өнүкпөйт. Бизде болгон ресурсту жемей алдыда турган үчүн азыр билинбей жатат. Бирок мындай улана берсе тупикке тыгылабыз.
Качан гана билимдүү жарандарыбыз алдыга чыкканда өнүгөбүз.
02.07.2021. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто болсо да жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: