Бишкекте медицина кызматкерлерин сыйлоо аземи өткөрүлдү







Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында медицина кызматкерлерин сыйлоо аземи өттү.
Анда Бактыбек Кудайбергенов медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, кароо-сынакта жеңишке жеткендиги үчүн Ардак грамоталарды, ыраазычылык каттарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасында "2021-жылдын мыкты медициналык жамааты" наамы үчүн сынак Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн.
Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун арасында "2021-жылдын мыкты медициналык жамааты" номинациясында Свердлов районунун биргелешкен үй-бүлөлүк медицина борбору, №8 биргелешкен үй-бүлөлүк медицина борбору жана Биринчи Май районунун биргелешкен үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааты биринчи орунду багындырып, 150 миң сомдон сыйлык алышты. Экинчи орун үчүн 100 миң сомдук сертификат Свердлов районунун №4 үй-бүлөлүк медицина борборуна тапшырылды.
Бишкектеги ооруканалардын арасында "2021-жылдын мыкты медициналык жамааты" наамы үчүн 250 миң сомдук сертификат менен биринчи орун Бишкек шаарынын №1 шаардык клиникалык ооруканасына, экинчи орунду 150 миң сомдук сертификат шаардык тез жардам медициналык клиникалык ооруканасына берилди.
Бишкек шаарындагы адистештирилген саламаттыкты сактоо уюмдарынын арасында "2021-жылдын мыкты медициналык жамааты" номинациясында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана Бишкек шаарындагы №3 стоматологиялык поликлиникасы 100 миң сомдук сертификаттарга ээ болушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.