Бекболсун Самаганов: "Алтын сертификатты" алуу менен өзүм каалаган окуу жайга эшик ачылды"
Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган 58 окуучу 1-июль күнү өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колунан "Алтын сертификат" алышты. Жалал-Абад облусундагы С.Соепуев атындагы №60 орто мектебинин бүтүрүүчүсү Бекболсун Самаганов 219 балл алып, эң мыктылардын катарын толуктады.
Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин компьютердик инженерия бөлүмүнө кабыл алынган Бекболсун өзү тууралуу кенен айтып берди.
- Алгач ийгилигиң менен куттуктайбыз, өзүң тууралуу айтып берсең?
- Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кызыл-Жар айылында төрөлгөм. Беш бир тууганмын. Ата-энем айылда жашап, эмгектенишет.
- Тестирлөөгө даярдыкты качан баштадың?
- Даярдык 11-класска келгенибизде эле башталды. Биринчи жөн эле маалыматтарды чогултуп жүрдүм. Ноябрь айынан баштап атайын тестирлөөгө даярдоочу курстарга барып 5 айдай даярдандым. Менин негизги максатым өзүм каалаган кесипти тандоо, каалаган университетке өтүү болчу. Ал эми "Алтын сертификатты" алуу менен мен каалаган окуу жайга эшик ачылды.
- Мындай кубанычтуу кабарды кимден уктуң?
- Үйдө отургам. Класс жетекчим чалып "Алтын сертификат" алыптырсың" деп айтып, куттуктады. Мугалимим канча балл алганымды деле сурабаптыр. Андан кийин райондук билим берүү бөлүмүнө чалып, баллымды сурадым. Буга чейин Аксы району боюнча эч ким ала элек экен. Бүт айылдаштарым мени менен кошо кубанып жатышат. Райондук билим берүү бөлүмүнөн келишип, сертификат менен аттестатты чогуу тапшырып кетишти. Мен ушуга абдан кубандым.
- Онлайн окуу билим алууңа кандай таасирин тийгизди?
- Башкалар тууралуу айта албайм. Жеке мага пайдалуу болду. Убактым үнөмдөлдү. Кадимки режимге өткөнгө чейин онлайн ресурстардан кеңири пайдалана алдым. Бирок декабрдан баштап мектепке барып окудум. Ошол учурда телефонду колдонбой турдум. Жалаң китептерди окуп, даярданып жаттым.
- Эмне үчүн программист болууну чечтиң?
Негизинен так илимдерге жакынмын. Математика сабагынан облустук олимпиадада биринчи орунду алгам. Ошондой эле бул кесиптин келечеги жакшы. Ошондуктан эл аралык "Ала-Тоо" университетине документтеримди тапшырып, кабыл алындым. Бир жылдан кийин башка мамлекеттерге да барып окуп келүүнү максат кылып жатам.
- Сен эмнеден мотивация аласың?
- Эң биринчи ата-энемдин жана эжемдин жакшы сөздөрү мени шыктандырат. "Азамат, буюрса жетесиң, аракет кылсаң эле болот" деген сөздөр да мен үчүн чоң мотивация. Мурда олимпиадаларга катышып жатканда мектебимдин атын чыгаруу үчүн аракет кылчумун.
- Маегиңе рахмат, ийгилик каалайбыз!
Эске салсак, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 58 бүтүрүүчү "Алтын сертификатка" татыктуу болду.
Эң жогорку баллды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Анын маегин бул жерден окусаңыз болот.
Ал эми Баткен облусунан 3 окуучу алтын сертификаттын ээси болду. Алардын бири Кадамжай шаарындагы "Семетей" Кыргыз-Түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Маратбек Араповдун маегин бул жерден окуй аласыз.
Өлкө боюнча эң жогорку баллга ээ болгон үчүнчү окуучу Сымбат Касымбекованын маеги бул жерде.
Кытайдагы Гонконг университетине тапшырууну пландап жаткан дагы бир "Алтын сертификаттын" ээси Жанболот Кубанычбековдун маеги бул жерде.
Ош облусунан 3 окуучу жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алып, "Алтын сертификатка" татыктуу болду. Алардын бири Наргиза Жолдошеванын маеги бул жерде.
Бир эле окуу жаатында эмес, коомдук иштерге да активдүү катышкан "Алтын сертификаттын" ээси Рано Бабаеванын маеги бул жерде.

