super.kg logo

Саламаттыкты сактоо министри COVID-19 менен ооругандан кийин эмне себептен изоляцияда болбогонун түшүндүрдү

 

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19 менен ооругандан кийин эмне себептен изоляцияда болбогону тууралуу 7-каналга берген маегинде айтты.

Айтымында, 2 күн изоляцияда болуп, 3-күнү өзүн жакшы сезип ПЦР-тест тапшырып, жыйынтыгы терс чыккандыгына байланыштуу жумушка чыккан.

"Көптөр айтып жатышты, үйдө жатып эрежени сактабайбы деп. Азыркы кезде абал курчуп турганда министр катары бардык чечимдерди өз моюнума алышым керек, себеби COVID-19 боюнча жоопкерчиликти мен өз моюнума алгам. Министр болордун астында биздин президент Садыр Жапаров бардык кылып жаткан ишиңе керт башың менен жооп бересиң деген. Мен бир канча лабораторияларга ПЦР- тест тапшырып жыйынтыгы терс чыккандыгына байланыштуу жумушка чыктым. Мен бардык жакка бет кап тагынып барам", - деди Бейшеналиев.

Журналисттин министрдин өзү вакцина алгандан кийин COVID-19 жуктуруп алгандыгы, элдин эмдөөгө болгон ишенимин төмөндөтпөйбү деген суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

"Менин ооруп калгандыгым, кырдаалды жакшы түшүндүрөт деп ойлойм. Бир дагы вакцина коронавируска каршы 100 пайыз коргой албайт. Вакциналардын эффективдүүлүгү 70 пайыз, 95 пайыз, биз муну ачык айтабыз. Эгер 100 адамды алсаңыз, анда 70 кишинин антителосу бар, 30унда жок. Мен ошол 30 кишинин катарында болчумун. Экинчиден, эгер мен вакцина албасам, анда 14 күн жатып, анан посткоид синдрому менен ооруп, азап чегем деп ойлойм. Вакцинаны алышы керек. Коронавирус бизге көптөн бери келе жатат. Бүгүнкү күндө вакциналардын 150гө жакын түрлөрү бар, бирок алардын бири дагы 100 пайыз коргоого кепилдик бербейт. Балким, бир нече жылдан кийин мындай вакциналар пайда болушу мүмкүн", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.07.2021. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне дешти да билбей калдым бул киши жонундо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: