Эс-тутуму эң жогорку смартфон иштелип чыгууда
ZTE компаниясы рекорддук сандагы оперативдик эс-тутуму бар смартфонун чыгарып баштайт. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.
Андагы маалыматта, компания оперативдүү эс-тутуму 20 гигабайт болгон смартфонду жаратууну пландап жатканы айтылат. Компаниянын директору Лу Цяньхао смартфондун атын жана башка өзгөчөлүктөрүн сыр бойдон калтырган.
Учурда эң көп эс-тутум боюнча 18 гигабайт оперативдүү эс-тутум менен Asus ROG Phone 5 телефондору алдыда.
Адистердин айтымында, акыркы мезгилдерде смартфондордо оперативдик эс-тутумдун көбөйүшү маркетингдердин жаңы ойлоп табуусу болгон.
"Эгерде буга чейин өндүрүүчүлөр камералардын мегапикселдерин көбөйтүшсө, эми эс-тутум менен өзгөчөлөнмөкчү", - деп белгилешкен интернет колдонуучулары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:53
2025-07-14
17:20
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.