Алымкадыр Бейшеналиев: "Депутаттар сындаган сайын менин эл алдындагы кадыр-баркым көтөрүлүүдө"
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев депутаттардын ага карата айтылган сындары кадыр-баркын көтөрүп жатканын 7-каналга маек берип жатып айтты.
"Биз Кыргыз өлкөсүндө жашап жатканыбызга сүйүнүшүбүз керек, анткени бул жерде баарын айтууга болот. Сөз эркиндиги бар. Президенттен министрге чейин эмне деп гана аташпайт. Депутаттардын бардыгы мага каймана аттарды коюшту. Кечээ эле депутаттар мени "жинди" дешти. Депутаттар мен жөнүндө ушинтип айтканда менин авторитетим өсүп жатат. Анткени эл ойлоп жатат кантип бул жиндини министр кылып койду деп.
А мен 30 жыл бою талкаланган саламаттыкты сактоо тармагында эки айдын ичинде реформа жасадым. Бардыгы таң калышты. Дарыгерлер советтик системага кайтып келдик деп сүйүнүп жатышат. Алар COVID-19дун биринчи толкунунда эмне кылышты билбей калышканын айтышты. Бейтаптар ооруканаларга кире албай калышкан. Эми андай болбойт. Менин командам күн сайын иштеп, башы менен баарына жооп берет", - деди ал.












1 |