super.kg logo

Ырчы Азиз Батыров шакирттери менен Түркияда концерт берет

 

Ырчы, дастанчы Азиз Батыров жана анын шакирттери Түркия өлкөсүндө өтө турган эл аралык фестивалга Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышат. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

"Түркия мамлекетинде 20 өлкөнүн катышуусу менен өтө турган чоң фестивалдан чакыруу келди. Фестивалда ар бир өлкө улуттук баалуулуктарын, музыкасын, кийимин таанытат. Түркияда окуп келгем.

Фестивалдын уюштуруучулары менен тааныштыгым бар болчу. Ошолор чакыруу жиберишти. Ал жакка өзүмдүн шакирттерим менен барам. 15-июлда учабыз. Фестивалга Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, кыргыздын салттуу музыкасын, ырларын, улуттук кийимдерин, айтор кыргыз элине тийиштүү бардык баалуулуктарды таанытабыз. Тагыраагы, кыргыз маданияты аркылуу Кыргыз өлкөсүн таанытууга барабыз.

Ошондой эле ал жакта жеке чыгармачылык кечемди да өткөрүүмдү сунуштап жатышат. Анткени Бишкекте концерт бергенде Түркиядан келип тартып кетишкен. Ошол концертиңди бул жакта да уюштуралы деп жатышат. Шакирттерим менен күндө жолугуп концертке да даярданып жатабыз. Жалпысынан Стамбул, Йалова, Анкара, Анталия шаарларына бармакчыбыз", - деди Батыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: