Профессор Ташманбет Кененсариев 72 жашында дүйнө салды
Тарых илимдеринин доктору, профессор, белгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариев кечээ, 2-июль күнү жүрөк оорусунан улам дүйнө салды. Маалыматт SUPER.KG порталына Кененсариевдин жакындары тастыктады.
Ташманбет Кененсариевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 4-июль күнү саат 10:00дө Бишкектеги Чоң-Арык айылында өз үйүндө өтөт.
Ташманбет Кененсариев 2014-жылдан бери Бишкектеги И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Кыргыз Улуттук университетинин профессору болуп эмгектенип келе жаткан. Башка бир катар университеттерде дарстар окуйт. Кыргыз өлкөсүндөү коомдук иштерге активдүү катышып, президентке караштуу Тарых комиссиясынын, этникалык интеграфия жана дин саясаты эксперттик комиссиясынын мүчөсү, 2016-жылдагы “тарых жана Маданият” жылында бир катар тарыхый даткаларды уюштуруу боюнча Өкмөттүн жумушчу тобунда мүчө. Өзүнүн шакирттеринен турган илимий мектеби калыптанган. Анын жетекчилигинде 15тен ашуун илимдин доктору жана кандидаттары коргогон. 20-жакын кыргыз, орус, өзбек, кытай, англис жана башка тилдердеги монографиялардын, 300дөн ашуун макалалардын автору. Бир катар эл аралык жана республикалык журналдардын редакциялык жамаатынын мүчөсү. 2005-жылы Лондондогу Кембридж университетиндеги эл аралык биографиялык Борбордо “2005-жылдын мыкты педагогу” катары таанылып, диплом алган.
Жубайы Акматова Ашырайым педагогика илимдеринин кандидаты, профессор, кыргыз тилин өзбек мектептеринде окутуу боюнча 3 окуу китебинин автору. Маркумдун 3 кызы, 3 небереси бар.



1 |