Кытайдан дагы 1 миллиондон ашык Синофарм вакцинасы келеби? Министрликтин жообу
Буга чейин айрым жергиликтүү маалымат каражаттарына 1 миллион 200 миң Синофарм вакцинасы 10-июнга чейин Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө алынып келинип облустарга бөлүнүлүп бериле турганы жазылган. Маалыматты тастыктоо үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда маалыматты четке кагышты.
"Бизде мындай маалымат жок. Вакцинанын качан келери азыркы күнгө чейин белгисиз болууда", - дешти аталган мекемеден.
Буга чейин Кытайдан Кыргыз өлкөсүнө 1 миллион дозадан ашуун вакцина сатылып алынганы боюнча жазылган. Бирок кандайдыр бир себептер менен Кыргыз өлкөсүнө жеткирүү кечигүүдө. Кечигип жатышынын себеби боюнча расмий маалымат айтылган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.