super.kg logo

Салык кызматы 5 май куюучу жайга айып пул салды

 

Мамлекеттик салык кызматы көзөмөлдөө иш-чараларынын натыйжасында беш май куюучу жайга мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн айып пул салган. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар май куюучу жайлар салык кызматына онлайн режиминде сатылып жаткан товарлардын кодун тапшырбагандыгы аныкталган. Аларга 175 миң сом айып пул салынган.

2020-жылдын 1-июлунан тартып SMART Salym салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында, май куюучу жайлар автоматташтырылган башкаруу тутумун жана кассалык квитанцияда сатылган күйүүчү май жөнүндө маалыматтарды басып чыгаруу функциясы бар кассаны колдонушу керек жана маалыматтарды онлайн түрүндө салык кызматына жөнөтүүсү шарт.

Май куюучу жайларда мунай заттарын сатуу тартибин бузгандыгы үчүн жеке ишкерге 12 миң 500 сом, ал эми юридикалык жакка 35 миң сом айып салынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: