super.kg logo

УКМК: "Бишкектин экс-вице-мэри мыйзамсыз баюунун алкагында 30 миллион сом зыяндын ордун толуктады"

 

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз баюунун алкагында 30 миллион сом зыяндын ордун толуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"УКМК бийликтин эң жогорку эшелону болгон адамдар тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 20 жылдан ашык иштеп, жакын туугандарына жана филиалдарына катталган декларацияланбаган ири өлчөмдөгү мүлктүн ээси, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Азыгалиев Уланбек Шайлообековичке байланыштуу маалыматтар алынып такталды.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду", - деп жазылат маалыматта.

Ошол эле учурда тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү дайындалып, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: