Депутаттар өлкөнүн Түркиядагы элчисинин жоопкерчилигин кароо керектигин айтышты
Депутаттар өлкөнүн Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин жоопкерчилигин кароо керектигин айтышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында сөз болду.
Депутат Айбек Осмонов: "Тышкы иштер министрлиги көрүнгөндүн талапкерлигин көрсөтүп, бул жактан өткөрөт экен. Түркиядагы элчи иштебей элибиз кыйналып жатат", - дейт.
Депутат Шайлообек Атазов элчи түрк тилин билбей турганын белгиледи. "Стамбулда өткөн иш-чарага бардык өлкөнүн элчилиги келди. Биздин элчибиз келген жок. Ал жерге Кыргыз өлкөсүнүн эски желегин коюп коюптур. Анкарада элчилик боюнча жаман пикирлер айтылып жатат", - деди ал.
Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев отчёт бергенде келе турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Rifle_I

05.07.2021. 16:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отурум алуу маселесин чечсе жакшы болот эле. Кыргызбыз, тууган болобуз деп сүйлөшүп арзандатпайбы же жеңилдик сурабайбы? Турциянын бюджети чоң, биз 200$ бербей койсок кемип калбайт. Ишке кирүүгө да жолдорун оңойлотуш керек, раз иш орду менен камсыз кыла албагандан кийин.
zhunusali

05.07.2021. 17:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туркияагы элчини койо туруп ,Тажикстандагы элчини жоопко тартуу керек деп ойлойм
Dembele84

06.07.2021. 05:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элчилер эч бир жерде кыйратпай жеп жатышат.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.