Максат Чакиев: "Жыл аягына чейин Кыргызстанга келген туристтердин саны 4 миллионго жетет деген үмүттөбүз"
Бишкекте 28-октябрдагы маалымат жыйынында Маданият, туризм жана маалымат министринин орун басары Максат Чакиев: "Жыл аягына чейин Кыргызстанга келген туристтердин саны 4 миллионго жетет деген үмүттөбүз",- деп билдирди. Анын айтымында, 1-октябрга чейин Кыргызстанга 3 миллион 890 миңден ашуун турист келген. "Виза режими жок мамлекеттерден 41 259 турист келди. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8 500 адамга аз. Буга аймактардагы социалдык, коомдук кырдаалдар себеп болууда",- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

