super.kg logo

“Биздин Кыргызстан”: "Саясат – бул жаратмандык, элге шарт түзүү"

 

"Саясат – интригалардын талашы эмес, жаратмандардын атаандаштыгы болуш керек" дейт “Биздин Кыргызстан” партиясынан Бишкек шаардык кеӊешинин депутаттыгына талапкер Русланбек Макеев.

- Адамзаттын тарыхында коронавирус сыяктуу сыноолор көп болгон. Башка элден айырмаланып, биздин элибиз сыноону чогуу көтөрүп, бири-бирине арка-бел болуп кеткен жакшы адатыбыз бар. Өткөн жылы дагы карантин убагында мамлекетке көмөк кылып, колунда барлар элин багып, жардам көрсөттү. Биз дагы алардын катарынан калбай кайрымдуулук иштеринен четте калган жокпуз.
Буга чейин өндүрүштүк тармакта алектенип, ишкерчилик кылгам. Башкалар сыяктуу эле саясаттан дагы алыс эмес элем. Бирок биздин коомдогу элдин, саясатчылардын – саясатты кабыл алуусу менин көз карашым менен дал келбейт. Жалпысынан “саясат - бул булганыч оюн” деп аташат. Саясат – бул интригалардын тиреши, бири-бирине бут тосуу менен атаандашуу катары көрүшөт. Атаандаштык душмандардын согушундай эле жүргүзүлөт. Менин кабыл алуумда, саясат – элге шарт түзүүдө тилектештик кылуу, коллегиялдуу иш алып баруу болушу керек. Саясий топтордун тирешүүсү, интригалардын кагылышуусун саясат деп атоонун мезгили бүттү.
Менде таза, жаратман, куруучулар, жаӊы технологиялардын тилин түшүнгөн, жумуш ордун түзгөн ыкмаларды билген адамдар топтолсо, алардын катарында болуу кыялдарым бар болчу. Жаратман адамдар менен саясатка аттансам деген күтүүлөр бар эле. Бишкек шаардык кеӊешинин шайлоосуна аттанган партияларды карап иликтөө кылдым. Арасынан менин көз карашыма, тилегиме окшош, программасы ынандырган “Биздин Кыргызстан” партиясын жолуктурдум. Миӊдеген жумуш орундарын түзгөндөр, жаӊы технологияларды мамлекетибиздин аймагында жайылткан, эӊ ири завод-фабриканы түптөгөн азаматтар чогулуптур. Мен мындай жаратмандар менен бирге болууну, катарына кошулууну чечип, шайлоого чогуу талапкер болуп аттандым. Мындай команда менен татыктуу атаандаштыкты көрсөтө алабыз.

Саясат – интригалардын талашы эмес, жаратман адамдардын атаандаштыгы болуш керек!

Биздин команда жаратмандык жолдо калыптанып, тажрыйба топтоп, артында жемиштүү иштери менен элдин кызматына аттанды.

Урматтуу шайлоочулар, сүйүктүү шаарыбыздын тургундары!

Жаратман жаштарды колдоп, алардын акыл-тажрыйбасын колдонуу мезгили келди!

“Биздин Кыргызстан” партиясын тандап, добуш бериӊиздер!

«Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондунан, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Алымкулова тарабынан төлөндү.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: