super.kg logo

"Эгер бактылуу болсоңуз, көп нерсени кечире аласыз". Ханбийке Диананын учкул сөздөрү

 

Улуу Британиянын ханзаадасы Чарльздын аялы, ханбийке Диана тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Ал 36 жашында жол кырсыгынан каза тапкан.

Ханбийке Диананын жакындары анын адамдык сапаттарын, жашоого болго көз-карашын, тайманбастыгын, боорукерлигин баалап, эскерип келишет. Анын жалындуу сөздөрүн топтодук.

Көңүлдү жубаткан эң жакшы нерсе - эне колу.

Үй-бүлө - дүйнөдөгү эң маанилүү нерсе.

Уулдары тууралуу:

Мен уулдарымдын адамдардын сезимдерин, алардын коргоосуз экендигин, азап-тозокторун, үмүт-тилектерин түшүнүшүн каалайм. Мен балдарымды абдан жакшы көрөм. Алар болбосо жок болуп кетмекмин. Балдарымдын потенциалын ачып, өздөрүнө тийиштүү милдеттерин аткара алышы үчүн кандай гана баскыч болбосун басып өтүүгө даярмын.

Эгер сүйгөн адамыңызды тапсаңыз, коё бербеңиз.

Жообун күтпөстөн адамдарга жакшылык кыла бер. Бир күнү сен үчүн да бирөө ушундай кылышы мүмкүн.

Бакыт жөнүндө:

Эгер бактылуу болсоңуз, көп нерсени кечире аласыз.

Мага коомдун аялуу катмарына жардам бергенден өткөн бакыт жок. Бул менин жашоомдун эң маанилүү бөлүгү. Бул менин тагдырым.

Мен эрежелерге карап жашабайм. Мен акылымды эмес, жүрөгүмдү угам.

Жүрөгүң эмне десе, ошону жаса.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.07.2021. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чарьлз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: