super.kg logo

Улукбек Марипов Азия паралимпиадалык комитетинин президенти менен кызматташуу тууралуу сүйлөштү

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Азия паралимпиадалык комитетинин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми Кыргыз Республикасынын жана Азия паралимпиадалык комитетинин кызматташуусу жана өз ара аракеттенүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, республикада 77 спорт федерациясы иштейт, анын катарында паралимпиадалык комитет жана параспорттук федерациялар бар.

Анын айтымында, кабыл алынган «Спорт Кыргызстан» программасынын алкагында балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорт мектептеринде келечектүү паралимпиадалык жана сурдоолимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча топторду ачуу каралган. 2019-жылы спорт мектептеринде мындай 7 топ жана коомдук башталыштагы 6 топ ачылган.

Паралимпиадалык комитеттин президенти Маджид Абдулла Рашед аль-Усайми белгилегендей, уюм Кыргыз Республикасында паралимпиадалык кыймылды колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган спорттук долборду ишке ашырууга кызыкдар.

Анын айтымында, долбоорлордун бири катары Борбор Азия өлкөлөрүнүн параатлет машыктыруучулары үчүн орус тилиндеги окутуу программаларын иштеп чыгуу болушу ыктымал.

Улукбек Марипов эки тараптуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдарлыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: