Covid-19 илдетинен айыккан соң организмди кантип калыбына келтирүү керек?
Covid-19 илдетинен айыккан соң организмди кантип калыбына келтирүү керек? Бул суроого шаардык медициналык кызматкерлер бир канча эрежелерди кармануу керектигин белгилешти.
"Туура тамактануу маанилүү. Коронавирус илдетинен айыккан адамдын эле эмес, бардык адамдын күнүмдүк рационунда белок, углевод, май жана витаминдер жетиштүү деңгээлде болушу керек. Көп кыймылда болуу организмдин калыбына келишин шарттайт. Физикалык кыймылда болуп, көнүгүүлөрдү жасап же жөө басуу керек. Дени сак жашоо образын кармануу организмди тез калыбына келтирүүдө маанилүү фактор.
Ошондой эле жеке гигиенаны сактоо зарыл. Бет кап тагынып, аны бат-баттан алмаштырып турууну унутпоо керек. Антисептикалык каражатты колдонуп, колду тез-тез самындап жууп, зарылчылык болбосо киши көп топтолгон жерге барбоо керек. Мындан сырткары коронавирустан айыккан адам алкоголдук ичимдиктерин ичүүдөн, чылым чегүүдөн же зарыл болбосо деле ашыкча ар кайсы дары-дармектерди колдонуудан сактануу керек. Дем алууну жакшыртуучу көнүгүүлөрдү жасап туруу да маанилүү.
Урматтуу шаардыктар, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактап, өзүңөрдүн жана жакындарыңардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасагыла", - деп айтылат билдирүүдө.

