Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды кармалып, Түркияга алып келингенин билдирди
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инандынын кармалганын билдирди. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин отурумунда сөз сүйлөп жатып Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенин кабарлаган.
"Атайын кызматтын өкүлдөрү Борбор Азиянын ФЕТО боюнча жооптусу Орхан Инандыны Түркияга алып келди. Орхан Инанды ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз", - деген Эрдоган.
Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан.


Биздикилер да билбей калса турктордун атайвн кызматы кучтуу экен
Эрдоганга ушундан кийин ишенип болобу? Нак лапшогон экен!
Эң кызыгы биздин президент Анкарага барганда сурабады беле ушул кишини. Эрдоган өзү Орхон ханды тааныбай турганын айтты эле го. Президент Элди сооротконбу МВД га тапшырма берип, ачыгын эле айтып койбойбу ушундай иштери бар экен кармап кетишти деп
КР билген. 1 ошону деп мамилесин бузгусу келбейт Туркия менен.
Балким туурадыр. Бирок КР жараны КР мыйзамы боюнча күнөлүү болуп табылмайынча ал ак бойдон калмакчы. А чет өлкө уурдагандыгы бул УК КР #170, 172, 187 статьяларды бузуп жатпайбы! Бул деген биздин желекти тебелеп отконго барабар.
Бул учун Турциянын баардык посольтваларын жаап салыш керек! Мындай чыккынчы "тууганчиктин" кереги жок! Ошол обидно. Ким болсо да, ал КР жараны.