"Евро-2020": Бүгүн турнирдин финалына чыккан алгачкы команда аныкталат



Бүгүн, 6-июлдан 7-июлга караган түнү футбол боюнча Европа чемпиондугунун жарым финалынын алгачкы оюну Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтөт.
Бүгүнкү оюнда Италия курамасы менен Испания кез келет. Италия жарым финалга Бельгияны жеңип чыкса, Испания Швейцарияны пенальтилер сериясында жеңип чыккан. Жарым финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.
Жарым финал: Италия - Испания;
"Уэмбли" стадиону (Лондон шаары, Англия);
Башкы калыс: Феликс Брых (Германия).
Жалпысынан турнирге 24 команда катышып, алар 6 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтын жыйынтыгы боюнча плей-офф баскычына 16 команда чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.