Депутат Искендер Матраимов Молдовадагы парламенттик шайлоодо КМШ ПААнын байкоочулар тобун жетектейт
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Молдова парламентине шайлоодо КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын байкоочулар тобун жетектейт. КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин төрайымы, Орусиянын федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко аны топтун координатору кылып дайындоо жөнүндө буйрукка кол койгон. Бул тууралуу кеңештин сайтына жарыяланды.
Молдовада добуш берүү күнү КМШ өлкөлөрүнүн парламенттер аралык ассамблеясынын 100дөн ашуун байкоочусу Молдованын өзүндө дагы, башка өлкөлөрдөгү чет элдик шайлоо участкаларында дагы иштешет.
ПААнын тобу КМШ өлкөлөрүндөгү парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий башында турган КМШнын байкоочулар миссиясынын курамында шайлоого байкоо жүргүзүшөт.
Эске салсак, Молдовада парламенттик шайлоо 11-июлга белгиленген.

