super.kg logo

Тергөө жүрүп жаткан, маалыматты жөнөтүп коёбуз... Орхан Инанды боюнча бир да мекеме маалымат бере элек

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инанды атайын операция менен кармалып, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган. Түрк президенти бул маалыматты айтканына андан бери жарым күн өттү.

Ал эми өлкөдөгү бир дагы жооптуу мекеме азырынча бул боюнча так маалымат бербей жатышат.

Бул боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине байланышканыбызда тергөө жүрүп жатканын билдиришти. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына байланышып, так жооп алуу мүмкүн болгон жок.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин телефон номери өчүрүлгөн.

Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчилиги дагы бул боюнча маалымат тарата элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
06.07.2021. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул кандай иш болду эми, биздин жаранды кармап кетти. Бир жараныбыз Тажикстан арызданды деп Россияда кармалып турат. Акылым жетпейт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: