Социалдык тармактардын колдонуучулары Орхан Инандынын уурдалышы боюнча пикирлерин активдүү бөлүшүүдө



Кечээ, 5-июль күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган буга чейин дайынсыз жоголду деп жаткан Орхан Инандынын кармалып, Түркияга алып келингенин билдирген. Буга улай түрк басылмалары кармалган Кыргыз жаранынын сүрөттөрүн жарыялашкан. Ал эми социалдык тармактарда колдонуучулар Орхан Инандынын Түркиядагы азыркы абалына кабатыр болушууда. Жарыяланган сүрөттөрүнөн анын колу сынганын, кыйноого кабылганын жазып, мамлекет өз жаранын коргой албай жатканына нааразычылыктарын билдиришүүдө.
"Бул кишини кыйнап коюшуптур, жүзү менен колу айтып турат".
"20 жашка картайып кеткен, өлкөнүн атайын кызматтарынын кыйноолорунан чарчап-чаалыгып, алар тарабынан ур-токмокко алынып, кемсинтилген, эң негизгиси, анын өлкөсү, мекени ага чыккынчылык кылган Орхан Инанды".
"Колу сынганы шишип калганынан көрүнүп турат. Алар жашашына жол бербейт".
"Кыргыз жаранын уурдап кетсе боло берет экен да. Кыргыз өлкөсүн эч ким тоготпой калыптыр".
"Атасы үй-бүлөнү бага албай, баласын саткан менен тете иш болду деп туура айтып жатышат. Аттиң ай, өлкөнүн келечегин жок кылсаң билимдүүнүн тамырын кырк болду. Бизди кечириңиз, Орхан агай..."
"Биз өз жараныбызды Түркияга салып бердик. Эртең мунун ордуна кимдир бирөөбүздү да бериши мүмкүн".
"Демек, эртеңки күнүбүз бүдөмүк, каалаганы кирип өзүнө керектүү болгон тың чыкмабызды алып кетпейт деген кепилдик жок. Бул мамлекеттин бүтүндүгүнө, өз жарандарын коргой албагандыгына шек келтирет. Өз мекенибиз бизди коргой албаса, өз мекенибизде коркпой жашай албасак, биз деги кимбиз? Жөнөкөй эле салыштыруу - өз үйүбүздө бизди ата-энебиз коргой албаса кандай болот?".
"Таанылгыс болуп калыптыр. Ушунча да кыйнашабы? Жүрөгүм ооруп турат".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(5)
zamir_kgz

06.07.2021. 11:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну көрмөк өз элин саткандар булар, Кыргызстанда төрөлсө колдоп алат элек. Бирок сокур тыйынга сатып алганда Гражданствону!
Gulina90

06.07.2021. 12:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмне мынча куйугушот Бир Адам учун эки мамлекеттин мамилесине доо кетет.
Aibek_eka

06.07.2021. 12:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Gulina90,уурдап кетпей мыйзам чегинде алып кетсе болотко кыргыз жаранын ал ким болбосун орус казак турк кытай бул мамилекеттин бутундугуно шек келтирет баары мыйзам чегинде болуш керек
talas0707

06.07.2021. 12:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин жеке оюм Сапат мекемеси бизге кереги деле жок. Канча деген акчаларыбыз Гулендин чонтогуно кетип жатат. Канча деген бутуруучулор аяктады, 1% жакшы жумушта иштебесе калганы талаада же россияда журушот. Бир соз бар КЕП КАЙСЫЛ ЖЕРДЕ ОКУУДУ ЭМЕС, КЕП КАНТИП ОКУУДУ.
Dembele84

06.07.2021. 14:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бекитип жашырбай болгонун айтыш керек болчу.Жакшы кишиби жаманбы аны кудай билет.Уурдалганына бир айдан отсо да биздикилер издемиш болгону куйгузду.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.