super.kg logo

Күн ысыкта өзүбүзгө кандай кам көрөбүз? Адистин жообу

 

Акыркы күндөрү абанын температурасы жогорулап, Бишкек шаарында +35 градуска чейин жетти. Күндүн нурунан адам баласы D витаминин алат. Бирок күндүн катуу ысышы кээ бир адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Бул күндөрү адамдар кантип ысыктан сактануу керектигин SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы №3 үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун терапевти Апина Алмаматова айтып берди.

Күн катуу ысып турган маалда адамдарга зарыл иштери жок болсо ашыкча көчөгө чыкпоону сунуштайбыз. Эшикке чыкканда туура кийимдерди кийип чыгуу зарыл. Айрыкча, гипертония оорусу, кант диабети бар жашы өтүп калган адамдар көчөгө чыгаарда өтө кылдаттык менен туура кийинип чыгуусу сунушталат. Ал үчүн дене эс алып тургандай пахтадан, лён кездемесинен тигилген жеңил кийимдерди кийүү керек. Баш кийим сөзсүз болушу шарт.
Андан сырткары туура тамактанып, жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеп, газдалган суунун ордуна жөнөкөй суудан күнүнө 2-2,5 литр жылуу кылып ичиш керек. Өтө муздак суу ичүү сунушталбайт. Туздуу жана сиңимдүүлүгү кеч болгон майлуу тамактарды жебей коюу туура. Мисалы, эт менен дымдама, куурдак, шишкебек, туздалган балык, туздалган помидор, бадыраң ашказандын иштешин кыйындатат.
Күн өтүп кетүүнүн белгилери: жүрөк айлануу, баш оору, алсыроо, кээ бирде мурдунан кан атып кетет, көздөрү караңгылашып өзүн жаман сезип калат. Андай учурда ал адамды салкын бөлмөгө алып кирип, сырткы кийимин чечип, башын жана буттарын өйдөрөөк жайгаштырып, чекеге, моюнга суу сулгү коюп компресс жасоо керек. Өзүн жоготуп, кусуп жаткан деңгээлде болсо, анда сөзсүз биринчи жардам берип, "Тез жардам" кызматындагыларга өткөрүп берүү зарыл.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2021. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкекте +35 эмес эле, +40° болуп жатат го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: