7-июлга карата аба ырайы
Эртең, 7-июлда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаабайт. Күндүз айрым райондордо жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан кабарлашты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +19… +24, күндүз + 35 … +40;
Талас облусунда түнкүсүн + 17 … +22, күндүз +34 … +39;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 21… +26, күндүз +36 … +41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14 … +19, күндүз +27 … 32;
Нарын облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +25 … +30 градус ысык болот.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +22… +24, күндүз +38… +40 градус ысык болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.