super.kg logo

Унаа токтотуучу жай үчүн төлөмдөрдү мыйзамсыз чогултуу фактыларына күбө болсоңуз, маалымат бериңиз

 

Бишкектин мэриясы шаар тургундарынан муниципалдык унаа токтотуучу жай үчүн төлөмдөрдү мыйзамсыз чогултуу фактылары тууралуу маалымат берүүнү суранат. Бул боюнча аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, муниципалдык унаа токтоочу жайлар дем алыш жана майрам күндөрүнөн тышкары эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин иштешет.

"Унаа токтотуу кызматтары акысыз, төлөм 15 мүнөттөн кийин башталат. Муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын бирдиктүү тарифи 25 сом. Ошондой эле биздин операторлор “Бишкек шаарынын унаа токтотуучу жайлары” деген жазуусу бар, логотиби түшүрүлгөн атайын жилет кийген жана жанында атайын төш белгилер бар, алар төлөгөндүгүн тастыктаган штампы бар купонду бериши керек.

Компаниянын адистери тарабынан муниципалдык унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн мыйзамсыз акы алган белгисиз адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, дем алыш жана майрам күндөрү компаниянын операторлору иштебейт жана ошого жараша унаа токтотуучу жайды пайдалангандыгы үчүн акы алышпайт.

Урматтуу жарандар, эгер сиз атайын жилети жок адамдар сизден акча талап кылып, талон бербей жаткандыгына күбө болсоңуз, анда видео жана фото фактылар менен кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.07.2021. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто коп болсо керек.Эч кандай форма кийбей эле акча алышат эле.Өзбек балдар акча сураган.Кимге караштуу бул жер деп териштире баштасам,кетип калган.Өзбек туугандар акы төлөнбөгөн жерден да,акча алышат.Кээ бири билбей берип коет экен.
07.07.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрылганда эмне пайда ар бир чиновниктин осоо фирмасы ээлеп алган
13.07.2021. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы номерлер аркылуу кайралабыз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: