super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков: "Орусия таңуулаган макулдашууларды кабыл ала бергидей Кыргызстан Орусиянын губерниясы эмес"

 

"Орусия таңуулаган макулдашууларды кабыл ала бергидей Кыргызстан ал өлкөнүн губерниясы эмес",- деп билдирди ЖКнын Коргоо жана коопсуздук комитетинин 28-октябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков.  

Айта кетсек, комитетте "Дүйшөмбү шаарында 2007-жылдын 5-октябрында кол коюлган Тышкы чек араларда кризистик кырдаалдар пайда болгондо жана аны жөнгө салууда (жоюуда) жардам көрсөтүүдө КМШга кирген мамлекеттердин өз ара жардамдашуучу чек ара жана башка ведомстволорун уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу протоколго чегинүүнү алып салуу жөнүндө" КРнын мыйзам долбоору каралып жатат. Долбоордо аталган өлкөнүн аскерлери атайын жөнөтүлгөн өлкөдө кандайдыр бир мыйзам бузган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбай тургандыгы айтылат. "Биз бул нерсени кабыл албашыбыз керек, Орусия сунуш кылган макулдашууларды кабыл ала бергидей биз эмне акылы жок адамдарбызбы?"- деген депутат бул документти кабыл алуу ЖККУнун шарттарына каршы келе турганын айтты.  

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: