Чүйдүн милиция кызматкерлери жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт
Чүй районуна караштуу Чүй айылында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлери жансыз денеси табылган маркумдун жакындарын табууга жарандардан жардам сурайт.
Маркумдун денесине кароо жүргүзгөндө күч колдонуу белгилери байкалган эмес.
Өзгөчө белгилери: Жашы 50-55 чамасында, бою 165-170 сантимтер, арык дене түзүлүштө. Чачы кыска, ак баскан.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү көйнөк, спорттук шым, кара түстөгү бут кийим.
Милиция кызматкерлери маркумду кимде-ким таанып, билген болсо байланышып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 60-73-87, 0708 45-78-46, 0701 88-62-95.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.