Тазабек Икрамов ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумуна катышты
Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Тазабек Икрамов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттер аралык ассамблеясынын жайкы отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашып, иш-чара Вена (Австрия) шаарында 5-6-июлда өткөнүн белгиледи.
Отурумдун алкагында Тазабек Икрамов ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын вице-президенти, Азербайжанды Милли мажилисинин депутаты Азай Гулиев менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыктын, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер ассамблеясынын алкагындагы кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.
Тазабек Икрамов ошондой эле Норвегия парламентинин депутаты, ассамблеянын төрагасынын кызматына талапкер Кари Хериксен мырза менен да жолугушту. Жолугушууда ал коронавирус илдетине каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтык, бири-бирине көмөктөшүү маселелерин көтөрдү.


Деп сүйлөп келбесе болду