super.kg logo

Кеминде жездем 2 жыл зордуктап жүрдү деген өспүрүм кыздын окуясы: Милиция эмне дейт?

 

Жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча милиция кызматкерлеринин аракетсиздиги жөнүндө билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Чүй облусунун Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 4-июлунда адвокат Шердор Абдыкапаровдон Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө райондун айылдарынын биринин 1963-жылы туулган тургуну 2005-жылы туулган жашы жете элек кызды бир нече жылдан бери зордуктап келген деген арыз түшкөн.

"Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык аракеттер) боюнча каттоого алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында, аталган адам (тууганы) тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кемин РИИБине жеткирилип, сурак жүргүзүлдү. Ошондой эле жашы жете элек кызды мыйзамдуу өкүлдүн катышуусунда суракка алуу зарыл.

Зордуктоо фактысы боюнча арыз жазган жактоочу тергөөчү чакырганда келүүдөн баш тарткан, анткени ал тергөөчүгө ишеним көрсөтпөө жөнүндө арыз жазган жана ишти Чүй облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берүүнү суранган. Жактоочунун иш-аракеттеринен улам жашы жете элек кызды суракка алуу алигиче жүргүзүлө элек, бирок жактоочу жашы жете элек кыздын кылмыш фактылары баяндалган видеосун бардык массалык маалымат каражаттарына тараткан.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан иштин бардык жагдайларын тактоо максатында бардык зарыл болгон тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин SUPER.KG башынан өткөргөн кайгылуу окуясын айтып, кайрылган өспүрүм 13 жашынан бери жездеси тарабынан зордукталып келгенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
07.07.2021. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мелийсалар бул ишти эки жыл тергеп, анан акырында жаап салышат, булар адилеттүү иштебейт...
07.07.2021. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
милиция кыргызстанда халтурщик болуп кеткен акча алып либой ишти жаап койушат мен кыргыз жаранымын бирок органдарга ишенбейм ишим түшөсүн милиция менен балницага
07.07.2021. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшылап текшерүү керек. Менин оюмча бул жөн гана каралоо подстава болгонсуп атат.
Чооң эле киши анчалыка барбаса керек.
08.07.2021. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asmat84, минус басам деп плюс басып алдым.

Прикинь именно ушндай кишилерден баарын кутсо болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: