super.kg logo

"Үйдө эле белгилейм". Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 45 жашка толду

 

Бүгүн, 7-июлда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 45 жашка чыкты. Аны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыктык.

"Бүгүн мен үчүн адаттагыдай эле жумушчу күн. Эртең менен кесиптештердин видеоконференция аркылуу куттуктоолорун кабыл алдым. Жогорку Кеңештин пленардык отурумуна да катышып келдим. Былтыртан бери коронавирус пандемиясына байланыштуу биздин үй-бүлөбүз дагы ар кандай майрамдарга, туулган күндөргө чектөө койгонбуз. Тагыраак айтсам, кечинде туулган күндү үй-бүлөм менен чакан майрамдык столдун четинде, үйдө эле белгилейбиз", - деди төрага.

Толкунбек Абдыгулов дал ушул күнү 1976-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз Эл аралык университетин, 2007-жылы АКШда Түндүк Техас университетин, 2005-жылы Япониядагы Нагойи университетин аяктаган. 1997-жылы Улуттук банкка экономист катары жумушка алынып, 2006-жылы Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүндөгү башкы экономисттик кызматка чейин жеткен.

Кийин "Маалыматтык келечек" коомдук фондунун директору, Дүйнөлүк банктын Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча департаментинде консультант, Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде экономика кафедрасынын башкы окутуучусу болуп иштеген. 2009-жылы президенттик администрацияда экономика боюнча эксперт, 2010-жылы Экономика министрлигинде статс-катчынын милдетин аткаруучу, өкмөт аппаратында экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болгон. Абдыгулов 2014-жылдан бери Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келет.

7-июлдун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.07.2021. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Толкунбек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: