super.kg logo

Мас абалындагы видеосу тарап кеткен блогер менен ырчы Анжелика кайым айтышууда

 

Ырчы Анжелика менен блогер Ажара Алишерова социалдык тармак аркылуу кайым айтышууда. Алар Инстаграмдагы жеке баракчасына өздөрүнүн пикирлерин жазып калтырышты.

Блогер Ажара Алишерова болгон окуя үчүн кечирим сураганын айтып, депрессияга, стресске кабылганын, өзүнө кол салуу ою болгонун жазган.

"Мага айтылган сын-пикирлерди көрмөксөнгө салып койгондон башка арга жок болчу. Бирок 2 миллион катталуучусу бар аккаунтка жүктөлгөндө, кантип эле тема кайра козголбой койбойт?
Жаш болобу, улуу болобу айырмасы жок, байкабай ката кетирип аларыбызды баарыбыз жакшы билебиз. Маалымат каражаттарында ар кандай талкуу болгондо, ар кандай видеолор чыгып, үй-бүлө туурасында жаман сөздөр жазылганда же сөздөн адашып "ыйык микрофон" темасы чыкканда кандай оор болот. Кандай сезимдер болот? Муну башынан өткөргөн гана адам түшүнөт деп ойлогом.

Жеке кат аркылуу "жакшы жүр, сен абийириңди төктүң, бирок ал нерсе артка кайтпайт" жана башка сөздөрдү жазган менен "атактуулукту көтөрө албагандар..., Аллах ыйман, сабыр бер" дегендин айырмасы чоң. Ыймандуу адамдар да жаңылыштык кетирет...", - деген.

Анжелика айым буга жооп кылып блогер менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн сүрөттөрүн жарыялады.

"Унчукпай койсом пост жаздың. "Ошону ким жайылтса 500 сом" деп ойноп жатасың. Ал пост мени жамандаган пост. Боор ооруган боорго тебет. Мен аркылуу атактуу боло беришсин.

Мени 2 миллион катталуучусуна чыгарды дегенди кандай түшүнсө болот? Ким менин баракчамдан же сторисимден бул кыздын интернетке жайылган видеосун көрдү? Менин жаңылып айткан сөзүм менен унитазда жуунуп калган видеоңду салыштырба! Телеканалдардын бирине атайылап мени айтканыңда унчуккан эмесмин. Мен билем сени өспүрүмдөр колдоп жатат. Анткени алар көбүнчөсү улуулардын айтканын уккусу келбеген курактагылар.

Сен азыр мени жамандап, өзүңө мактоо сөзүн жаздырууну максат кылбай, ата-энеңдин барып бутун өп! Туугандарың менен бир аз болуп кой", - деген ал.

Анжелика өзүнүн билдирүүсүндө блогер Ысык-Көлгө качып кеткенин, ал мас абалында болгонун жазган.

"Азыр соо болсо дагы жакшылык каалаган адамга асылганын койбой жатат. Ютубда толугу менен бир сааттык видеосу жүрөт. Мен башын көрүп эле токтоттум дагы дароо сториске кызды кырк үйдөн тыюу керек деп быйтыкча менен ачык денесин жаап жаздым. Менден сага каалашыңча посттор, жарнамалар бекер болот, эгерде мурдагыдай кайрымдуулукка басым жасап, оңолуп кетсең.

Ошто мага келгениңде көзүң айнекке окшоп, каректерин капталды карап, өзүң бир орунда турбай, колу-бутуң титиреп турганың эсиңдеби? Мен сени жакшы кыз экен деп сыйлык бергем. Мен аракетчил жаштарды колдоп келем!", - дейт. Ошондой эле ырчы блогердин ата-энесине кайрыларын кошумчалаган.

Мындан бир нече күн мурда интернет айдыңында Ажара Алишерованын мас абалындагы видеосу тарап, кызуу талкууга алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(14)
07.07.2021. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика Ажарага акыл үйрөткөндүн оордуна өзүнү билип алчы. Сен деле калышпайсын, керек болсо ушу сени көрүп өсүп аткан кыз Ажара. Сени деле кой дебейт го энең, же сен эле инстаграм жылдызы болуп башкасы болбосунбу.
07.07.2021. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Абийри төгүлгөн, адам кылган эжекеси менен айтышып тарбиясын көрсөткөн айым акыл айтып баштаган го. А Анжелика сенин энең жокбу я? Азырга чейин кара пиар менен жашап келесиң го жердикчил байкушум. Сени көрүп өскөндөргө жол болсунда
07.07.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айланайын Анжеликке ушул жерде эч болбосо унчукпай, озуно пиар кылбай калчы, башынды бардык жерге тыкпай, адамдын абийрин жапсан озуно сооп аласын
07.07.2021. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Интернетке коп чыкпай,унутулуп калбас учун оздорун ушинтип эле пиарлап турушат экен да.
07.07.2021. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Гламурные .....
07.07.2021. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжелика сен жапжаш секелек эмессин, ото коп кырдуу проблемалар менен атынды чыгарганды жакшы коросунбу билбейм.Каттале катынсыну уже.Баскан турганынды реклама кылуу учун жашаган адамдар отоле кызыксызсынар
08.07.2021. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
muslima-0788,ооба каттале катын жардынызгоо
07.07.2021. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ушуларды реклама кылып папулярный кылган негизи журналистер
07.07.2021. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анжелика сенин мас болгон видеон чыкпаганы менен туалеттен колуну жууп чыкканына чейин жазып,корунгон жигит менен чет олкодо эс алымыш болуп интернетке жарыялаган суротторуну эл коруп андан аркы эмне болгонун баамдап эле журот.Сени кумир тутуп акылына зар болгондорго танмын.Тиги кроссовка спортивный варьянт,а костюм классический таптакыр бири бирине жарашпаптыр,безвкусица.кызынан бир аз чон кыз менен айтышкандан коро кыздарына тарбия бер.Алчандатын онору жок болсо да телеге чыгарбай.
07.07.2021. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экөөнү тен алып алат окшоймун.
07.07.2021. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
voennyi88,алчы ушу биз да тынчыйлы, сооп эле иш кыласын алсан.
07.07.2021. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nazira..., түндөсү болгон окуя түз эфир аркылуу болобу ошондо.
07.07.2021. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бири-бирин пиарлайт,озунун башындагы тоону корбой,бироонун башындагы чопту корот,токтотушпайбы экоо Тен,бироонун абийирин жапсан ошончолук сооп аласын,акылынарга келип Этегинерди жапкыла.
08.07.2021. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии анан ким кандай деди эле ким эмне деп жооп берди?? Тиги антти бул минтти, анан тиги мындай деди бул мындай деди, олду го бул жагы я??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: