"Спортчу болсоң өзүңө спортчусуң". Мамашованын ачуусун келтирген чыр эсиңиздеби? Анда кимдер мушташканы белгилүү болду
23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын арасында чыр чыккан. Анда көптөр депутат Шайлообек Атазов менен депутат Айсулуу Мамашованын ортосунда чыр чыккан деп түшүнүшкөн.
Анда Мамашова Атазовго "спортчу болсоң өзүңө спортчусуң да" деп кайрылган.
Ага чейин фракция ичиндеги маселелер көтөрүлгөн. Фракция лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими кабыл алынганы айтылган.
"Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын арасынан чыккан чырда кимдер мушташканын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Анын айтымында, Шайлообек Атазов депутат Эмил Токтошевди урган. Ошол учурда Мамашова келип "спортчу болсоң өзүңө спортчусуң да" деп кайрылган. Андан кийин дагы сыртка чыккан уруш уланып, фракциянын эл өкүлдөрү эки депутатты ажыратышканы айтылды.



1 |