super.kg logo

Ошто добуш сатып алууга шектелип кармалган жарандардын жанынан 115 миң сом жана тизме табылды

 

Ош шаарында шайлоочулардын добушун сатып алууга шектүү жарандар кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Мындай маалымат Ош ШИИБинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Башкармалыктан кабарлашкандай, бүгүн, 7-июлда саат 11:37 чамасында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "шайлоочулардын добуштарын сатып алуу" болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү.

"Келип түшкөн маалыматты текшерүү учурунда Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 1980-жылы туулган И.Х., 1959-жылы туулган Р.Ш. жана 1959-жылы туулган Л.Б. колго түшүрүлдү. Алардын бири (1980-жылы туулган И.Х`нын) жанынан 115 миӊ сом акча жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси алынды. Тергөө кызматына алынып келген жарандар алдыдагы шайлоого катышып жаткан бир партиянын тарапташтары болушкан.

Учурда бул факты боюнча 192-берененин белгилерине ылайык сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: