Электр энергиясына жаңы тариф сентябрда ишке кирет. Баалар кандай болот?
Өлкөдө электр энергиясына жаңы тарифтерди ушул жылдын 1-сентябрынан тарта киргизүү пландалууда. Жаңы тариф карапайым элге кыйынчылык жаратпайбы? Бул тууралуу SUPER.KG порталы энергетика тармагындагы эксперт Бакыт Асанбаев менен маек курду.
- Электр энергиянын тарифтик саясат долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына илинген болчу. Сунушталган негизги өзгөрүүлөр биринчиден жалпы элге тарифтер 77 тыйындан 1 сом 0,9 тыйынга чейин көтөрүлүп жатат. Ошол эле 700 киловаттык чектөө алынууда. Кыш мезгилинде ноябрь айынан март айына чейин 1000 киловаттан ашса 2 сом 52 тыйын болору сунушталууда. Бирок алыскы тоолуу аймактарда жашаган абоненттерге жалпы жагылган көлөмүнө 1 сом 0,9 тыйын бойдон калтыруу сунушталып жатат.
Сууну чыгара турган насостук станциялар үчүн 1 сом 0,9 тыйындан тариф сунушталды. Троллейбус жана башка электр энергиясы менен жүргөн транспортторго 1 сом 58 тыйындан 1 сом 68 тыйынга чейин көтөрүү инфляцияга байланыштуу болуп жатат. Инфляция 2020-жылы 6,3 пайызды түзгөн. Интернат, карылар үйү, мечит, чиркөөлөргө тариф 2 сом 24 тыйындан 1 сом 68 тыйынга түштү. Базарлар, дүкөндөр жана башка соода тармагындагы абоненттер жана бюджеттик мекемелер үчүн 2 сом 52 тыйын кылуу сунушталып жатат. Алтын казуучу ишканалар, цемент заводдору, алкоголь өнөр жайы үчүн 2 сом 52 тыйындын ордуна 5 сом 4 тыйын кылуу сунушталды.
Жаңы тарифтер ишке кирсе эл кыйналбайт. Мисалы, 1 миң киловатт саат жаккандан кийин эсеп 1 миң 95 сомго келет. Ал эми 1 миң киловатт саатты азыркы тарифтер менен санаганда 1 миң 190 сом болуп кетип жатат. Тескерисинче, эсеп азаюуда. Анткени учурда 700 киловаттка чейинки чектөө бар. Андан ашса тариф 2 сом 16 тыйын алынат. Жаңы сунушта болсо кышкы мезгилге 1000 киловатт берилип жатат.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
-3

84-ж ит урук бок басар болушат колунан бок да келбейт анан суйлогону асмандан.
Модернизация керек ГЭСтерге.