Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жогорку окуу жайларга кабыл алуудагы босого балл төмөндөтүлдү
Республикада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди жогорку окуу жайларга кабыл алуудагы босого балл төмөндөтүлдү. Маалыматты Билим берүү жана илим мирнистрлигинен кабарлашат.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууда I жана II топтордогу майыптыгы бар адамдарды медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден башкасына кабыл алуудагы босого балл төмөндөтүлдү. Ага ылайык, гранттык орундарга босого балл – негизги тест боюнча 100 балл, акы төлөп окутуунун бардык формаларына босого балл – негизги тест боюнча 95 балл деп белгиленди.
Белгилей кетсек, азыркы билим берүү системи инсандын жекече билим алуу муктаждыктарына дал келүүгө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутууга бирдей мүмкүнчүлүктү камтыган инклюзияны өнүктүрүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

