super.kg logo

Жефф Безостун байлыгы 211 миллиард долларга жетип рекорд койду

 

Америкалык "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос өз байлыгын рекорддук көрсөткүчкө - 211 миллиард долларга чейин көбөйттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, биржалык соодалоонун жыйынтыгы боюнча Безостун активдеринин жалпы наркы 8 миллиард 440 миллион долларга көбөйүп, анын байлыгы жалпы 211 миллиард долларга чейин жеткен. Бул дүйнөдөгү эң бай адамдардын ичинен рекорддук көрсөткүч.

Буга чейинки рекорд январь айында катталган. Анда Tesla компаниясынын башчысы Илон Масктын байлыгы 210 миллиард долларга жеткен. Бирок акыркы айларда анын байлыгы болжол менен 181 миллиард долларга чейин төмөндөгөн.

Безос азыр дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде биринчи орунда турат. Маск экинчи орунда. Үчүнчү орунду LVMH (Louis Vuitton Moet Hennessy) компаниялар тобунун президенти, франциялык Бернард Арно ээлейт. Анын байлыгы 169 миллиард доллар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: